Путешествие в детство: воспоминания о родной деревне 🌳🌼

23 января 2026 №98169 Дордой
R00006077 код поставщика в Базе Поставщиков рынка Дордой
Розница: Нет
Опт: Нет

Балалыгыңыздын ээн кооз көз ирмемин жазып белек утуп алыңыз 🎁

Менин айылым — Шаарым Сулукту, айылым Шуруф. Ооба, таң калып жатасыздарбы? Аты ушундай. Чынын айтсам, эмнеге дал ушундай ат берилгенин мен өзү да так билбейм.

Бул айыл — менин балалыгымдын башталган жана эң кызыктуу өткөн жери. Ойлорум, кыялдарым, күлкү, дос-курбулар менен өткөн күндөрүм — баары ушул айылдан башталган. Мен ушул айылда төрөлүп, өсүп, 20 жашымда гана башка булоого кеттим.

Балалыгымдын эң таза, эң кызыктуу күндөрү ушунда өткөн. Ар көчөсү, ар талаасы, ар жээги — баары эсте калды. Достор менен ойноо, курбулар менен сыр бөлүшүү, күлкү жана оюндар — ушул айылда жүрөгүмө кала берди. Айылым — менин асыл бешигим, жашоомдун эң биринчи сабактарын берген жерим.

Эх, эгер балалыгыма кайтып барсамбы десем, эч ойлонбостон “Ооба” деп айтар элем. Бирок жашоо алдыга жылууну талап кылат, артка жол жок. Ошондуктан мен балалыгымдагы кыялдарымды эске алып, алдыга кадам таштап жашайм.

Айылым мага өмүр бою жылуулук, сүйүү жана эстен кетпес күндөрдү тартуулады. Ар бир адамдын балалыгы өзгөчө жана кайталангыс, менин балалыгым болсо ушул айылда бүт жан-дүйнөм менен өстү.

Сиздин балалыгыңыз кайсы айылда өткөн? Жазыңызчы, уккум келет!

Дата 23.01.2026
Спросить