Мен көптөн бери апам тууралуу жазгым келип жүргөм. Айрыкча 8-март келгенде, жүрөгүмдө өзгөчө сезимдер ойгонот. Бул күн — аялзатынын мээрими, күчү жана сабыры эскерилген күн. 💖
Ал эми мен үчүн бул күн эң оболу апамды эстеген күн.
Апам өзгөчө адам болчу. Анын көз карашында тереңдик, сөзүндө күч, ал эми жүрөгүндө чексиз мээрим бар болчу. 🥰
14 жыл өтсө да, апамдын элеси менин жан дүйнөмдө жашап келет. Кээде анын үнүн уккандай болом, кээде анын жылмайганын элестетем. 🌸
Бул 8-март күнү мен апама терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ал жанымда болбосо да, анын сүйүүсү дайыма мени менен. Апам — менин жүрөгүмдө түбөлүк жашаган эң кымбат адам. 💔