31 жашым, кош келдиң 🤍
Сага айта турган сөзүм көп…
Бул жашка келгенче канча сыноодон өттүм: жакшысы да болду, жаманы да болду.
Чыныгы досторду таптым, айрымдары убакыт менен алыстап кетти.
Адамды сыртынан эле таанып, жүрөгүн сезгенди үйрөндүм. Себеби көп жолу ишендим, алдандым, күйдүм, бирок ошонун баары мага сабак болду.
Жашоодон көп нерсе үйрөндүм. Азырынча каалаган жашоого толук жетпесем да, ага жакындап бара жатам.
Мурун максаттар аткарылбайт деп ойлочумун, Аллах кааласа бир секундда эле баары өзгөрөрүн түшүндүм 🤲✨
Максаттарыма жетип жатам, байлыксыз эле. Бирок жанымда колдоп турган адамдар бар болгону эң чоң байлык.
Досум деп жан тартып, колдоо көрсөткөндөргө чын жүрөктөн ыраазымын 🤍
Мени ушул жашка жеткирген ата энеме ыраазымын.
Айрыкча, ар дайым
тамак ич
жылуу кийин
эрте кел
коркосуң
акчаң барбы
деп кам көрүп турган алтын апама миң мертебе ыраазымын. Аллах өмүрүн узун кылсын 🤍
Апалап эркелеткен балдарыма, жан жарым болгон жолдошума ыраазымын 🫶
Келин деп бөлбөй, барымды кабыл алган кайын журтума ыраазымын 🤍
Мүнөзүмдү көтөрүп, дайым жанымда болгон бир туугандарыма ыраазымын 🤍
Силер бар болгон үчүн жашоом жомоктогудай өтүп жатат ✨
Убакыт кимге кандай өтүп жатканын билбейм, мага болсо секунддай эле учуп өтүп жатат.
Куттуктаган, жакшы тилек айткан ар бир адамга чоң ыраазычылык. Кучактап, өөп, ыраазымын 🤍✨